Министр: кырдаал өзгөрбөсө студенттер жайкы сессияны онлайн тапшырат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМедицинская академия имени С. И. Георгиевского в Симферополе
Медицинская академия имени С. И. Георгиевского в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр жогорку окуу жайлар буга чейин эле аралыктан окутуп келгенин, андыктан анчалык кыйынчылык жаралбай турганын белгилейт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эгер кырдаал өзгөрбөсө, студенттер жайкы сессияны онлайн түрүндө тапшырышы мүмкүн. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков брифинг учурунда билдирди.

Ал жогорку окуу жайларда буга чейин эле аралыктан окутуп келгенин, андыктан анчалык кыйынчылык жаралбай турганын белгилейт.

"Эгер кырдаал ушул боюнча кетсе, жайкы сессияларды дагы электрондук түрдө өткөрүүгө биздин толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дипломдук ишти коргоону дагы онлайн өткөрүүгө аракеттерди жасап жатабыз. Ар бир окуу жай ушуга жараша иш-аракеттерди жасашы керек. Ал эми студенттердин окуу акысын төлөөгө чамасы жетпеген катмар менен жекече сүйлөшүп, жеңилдик берүүнү сунуштап жатабыз", — деди Исаков.

Ошондой эле министр абитуриенттерди онлайн-режимде кабыл алуу жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары, 9 жана 11-класстардын бүтүрүү экзамени боюнча абалдын өнүгүшүнө карата министрликтин сунуштары берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0