Жүк ташуучу унаалар эми блокпосттордон уруксат кагазын көрсөтпөй эле өтөт

© Фото / пресс-служба УВД города ОшСитуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда жүк ташуучу унаалар блокпосттордон өтүү үчүн Бишкек комендантынын атына кайрылуу жазып, бир топ документтердин көчүрмөсүн көрсөтүп турушкан.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мындан ары жүк ташуучу унаалар санитардык-карантиндик посттордон эч тоскоолдуксуз өтө алат. Буга чейин уруксат кагазын алуу талап кылынып келген.

Чечим Республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган.

"Вирустан тез арылуу, анын жайылышына жол бербөө медиктерден көз каранды. Ошондуктан дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоо керек. Алар үчүн жашыл коридор уюштуруу кажет. Тактап айтканда, жүк ташуучулар үчүн эч кандай бөгөт болбошу зарыл", — деген өкмөт башчы.

Кампадагы картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тамак-аш, азык-түлүк ташыган 2700 ишкер өткөрмө кагазын алды
Эске сала кетсек, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында аймактарда бир нече карантиндик-санитардык посттор коюлган. Жакын арада эле Бишкек комендатурасы жүктөрдү тоскоолдуксуз ташуу үчүн көрсөтө турчу документтердин тизмесин тараткан. Анда айдоочулар Бишкек коменданты А.К. Орозалиевдин атына кайрылуу жазып, юридикалык тараптын каттоо тууралуу күбөлүгүн, маршруттук баракчасын жана паспортунун, айдоочулук күбөлүгүнүн, патент, лицензия, транспорт каражатынын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн көрсөтүшү керек болчу. Эми мунун бардыгы жокко чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0