Апрелде пенсия эртерээк берилип, акчаны почта кызматкери үйгө жеткирет

Жазылуу
Бир аптадан кийин өлкө боюнча почта кызматтары ишин баштап, пенсия менен жөлөк пулдарды өздөрү жеткирип берет.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Апрель айында пенсия менен жөлөк пулдарды почта кызматкерлери үймө-үй кыдырып, адаттагыдан эртерээк таратышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

9-апрель күнү Мамкаттоо кызматынын алдында "Кыргыз почтасы" мекемесинин байланыш бөлүмдөрү ачылат.

Кызматкерлер ушул эле күнү үймө-үй кыдырып, пенсия менен жөлөк пулдарды таратышат. Социалдык фонддон билдиришкендей, адатта бул төлөмдөр айдын 10унан 25ине чейин таркатылып келген.

Почта кызматкерлерине атайын кийимдер, бет кап, кол кап жана антисептикалык каражаттар берилет.

"Кыргыз почтасы" ишканасы жарандарды үйдөн чыкпоого үндөп, почта кызматкерлери пенсиялар менен жөлөк пулдарды дем алыш күнгө карабай таркатып берерин маалымдайт.

Коронавирус Кыргызстанда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: муктаж адамдардын бардыгы азык-түлүк менен камсыз болот
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0