Кыргыз-өзбек чек арасынан жүк эки пункттан гана өткөрүлмөй болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨткөрмө пункт "Достук унаа жолу". Архив
Өткөрмө пункт Достук унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан аймагындагы Кыргызстандын жарандары ал жактан чыгып кете алары айтылды. Ал эми товарлар эки пункт аркылуу өткөрүлмөкчү.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жарандарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби бекитилди:

  • Өзбекстан аймагындагы Кыргызстандын жарандары чыгып кете алат;
  • Өзбек тараптын чечими менен Кыргызстанда жүргөн жарандары уюшулган топ менен белгиленген бир убакытта гана өз мамлекетине өтө алат.

Айыл чарба азыктары, тамак-аш азыктары, калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн унаа каражаттарын, ошондой эле транзиттик жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга өткөрүү "Достук унаа жолу" — "Дустлик унаа жолу" жана "Кызыл-Кыя унаа жолу" — "Өзбекстан унаа жолу" өткөрмө пункттары аркылуу эки багытта теӊ ишке ашырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0