Бишкек коменданты шарты начарларга азык-түлүктөн жардам берилерин айтты

© Фото / пресс-служба правительства КРКомендант Бишкека Алмаз Орозалиев
Комендант Бишкека Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмаз Орозалиев шаардыктардан "тамак-аш, дары-дармек түгөндү, материалдык жардамды ким көргөзөт?" деген суроо көп түшүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Азык-түлүк жагынан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Ал шаардыктардан "тамак-аш, дары-дармек түгөндү, материалдык жардамды ким көргөзөт?" деген суроо көп түшүп жатканын айтты.

"Комендатура азыркы учурда тамак-аштан кыйналып жаткандарга материалдык жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды. Тизмени мэрия түзүп, мэрия жардам көрсөтөт. Азыркы тапта жардамга муктаж 15 миңдей адамдын аты-жөнү жазылган тизме түзүлдү. Иштер уланып жатат. Тамак-аш, дары-дармектен кыйналып жаткан жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз", — деди Орозалиев.

Эске салсак, мамлекеттик органдар, жаштар жана кайрымдуулук уюмдар менен биргеликте Кыргызстанда "Жардам" штабы түзүлгөн. Алар дагы аз-камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берет.

Коронавирус Кыргызстанда

Супермаркеттен алынган азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө эки жумага жетчү азык-түлүк бериле баштады
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0