Азия өнүктүрүү банкы КРге 200 миң долларлык медицина каражаттарын алып берет

© Фото / пресс-служба Минздрава КРДоставка 20 000 медицинских перчаток от АБР
Доставка 20 000 медицинских перчаток от АБР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардамдын алгачкы партиясы медициналык кол кап түрүндө 1-апрелде келип министрликтин кампасына түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 200 миң долларлык медицина каражаттарын алып берет. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жардамдын алгачкы тобу 20 миң медициналык кол көп түрүндө 1-апрелде келип министрликтин кампасына түшүрүлгөн.

Жакынкы күндөрү өлкөнүн интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн колдоо үчүн дары-дармек жана жабдуулар БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фонду аркылуу алып келинмекчи. Ошондой эле карантиндик борборлор жана ооруканалар үчүн керектүү медициналык каражаттар берилери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0