10:20 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
888 0 0

Экс-вице-премьер өкмөттө эки жыл кызмат өтөдү. Ал 1-апрель күнү отставкага кетүү боюнча берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Алтынай Өмүрбекова мындан ары билинбей чоңоюп калган балдарына көбүрөөк убакыт бөлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, 1-апрель күнү Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев отставкага кетүү боюнча берген арыздарына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулушкан. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

"Азырынча башка жарандардай эле карантин шартында үйдө болом. Балдарым дагы чоңоюп калыптыр, алар менен баарлашып, үй жумуштары менен алектенем. Кесиптештериме дистанттык түрдө колдон келген жардамымды берип турам. Кийинчерээк жумуш издейм", — деди Өмүрбекова.

Экс-вице-премьер өкмөттө эки жыл кызмат өтөдү. Ал өзүнүн Facebook баракчасына "Коронавирус биздин жашоону, пландарды бир аз өзгөрттү. Бирок биз бул кырдаалдан татыктуу чыгып кетебиз деп ишенем" деп жазды. Ал ошондой эле аны колдогон адамдарга ыраазычылык билдирди.

Тема боюнча

Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды
Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду
Белгилер:
кызмат, өкмөт, карантин, Алтынай Өмүрбекова, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ