Бишкекте тамак-аш, азык-түлүк ташыган 2700 ишкер өткөрмө кагазын алды

Жазылуу
Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Мындан улам калаа ичинде ары-бери жүрүүгө чектөө коюлган.

БИШКЕК, 2-апр.— Sputnik. Борбор калаанын комендатурасы Бишкекте тамак-аш, азык-түлүк ташуу менен алектенген ишкерлерге 26-марттан бери 2700 өткөрмө кагазын берген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда айтты.
Анын айтымында, ишкерлерге азырынча 2700 өткөрмө кагаз жетиштүү.

"Тамак-аш коопсуздугу боюнча Бишкекте мониторинг жүргүзүп жатабыз. Калаанын чет жакасындагы аймактарда бул жаатта бир аз көйгөйлөр бар, бирок аны да чечүүгө аракет жасалууда", — деди Орозалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Буга байланыштуу күндүз шаарда эркин жүрүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге райондук милиция тарабынан уруксат кагазы берилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0