ИИМ: “Кудайбергенде” бирөөнү жамбашка тепкен киши милиционер эмес

© REUTERS / Vladimir PirogovКоргоочу костюм кийген адам
Коргоочу костюм кийген адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке милициянын формасындай кийинген кызматкер тосмонун жанында турган кишини артынан барып тепкен видео тараган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада бирөөнү артынан барып жамбашка тепкен киши милиционер эмес. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 1-апрель күнү, атайын формачан кызматкер “Кудайберген” базарындагы тосмонун жанында турган кишини артынан барып тепкен видео интернетке тараган. Ал укук коргоо органдарынын кызматкери экени айтылган эле.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Бул боюнча Ички иштер министрлиги териштирүү жүргүзүп видеодогу формачан киши “Кудайберген” базарынын күзөт кызматынын кызматкери экенин аныктады.

Ошону менен бирге ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырып, бул үчүн катуу жаза колдонуларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0