Бишкектин түштүк тарабы да карантиндик зонага кошулду. Көчөлөрдүн тизмеси

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкери блокпостто турган учурда. Архив
Милиция кызматкери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кошулган карантиндик аймактарга пост коюлуп, жарандардын жана автоунаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкектин карантиндик аймагына калаанын түштүк тарабындагы көчөлөр дагы кошулду. Бул туурасында борбор калаанын комендатурасы кабаралады.

Жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана автоунаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.

Алар төмөнкү көчөлөр: 

  • Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Сүйөркулов — Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
  • Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;
  • Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Комендатуранын билдириши боюнча, мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат.

Буга чейин калаанын борбордук бөлүгү карантинге алынып тосулган болчу

Ал жакка мамкызматкерлер, дарыгерлер, күч структурасында иштегендер, банк кызматкерлери жана шаарды азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздаган компаниялардын өкүлдөрү гана кире алат.

Коронавирус Кыргызстанда

Журналист блокнотко жазып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨА режими учурунда журналисттер кантип иштейт? Коменданттын буйругу
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0