Коронавирус жуктурган эки адам жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат. Архив
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын бешөөнүн абалы оорлошуп, реанимацияда жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки адам өтө оор абалда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Ал эми аймактар боюнча алганда Ноокат райондук ооруканасында экөө, Ош облустук клиникалык ооруканасында экөө, Жалал-Абад облустук ооруканасында бирөө жатат.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0