21:54 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Жолду реабилитациялоо ишин кытайлык Сhina Railway №5 компаниясы аткарууда. План боюнча ремонт иштери 2021-жылы аяктайт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Бишкек — Кара-Балта бөлүгү, тагыраагы 15,6-61 чакырымдарында жол куруу иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Беловодское айылы менен Новониколаевкада курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Ошондой эле жумушчулар трассанын жээгине көчөт отургузушууда.

"Кызматкерлер арасында коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери дагы аткарылууда", — дешти министрликтен.

Бишкек — Кара-Балта жолун реабилитациялоо ишин кытайлык Сhina Railway № 5 компаниясы аткарып жатат. План боюнча ремонт иштери 2021-жылы аяктайт.

Тема боюнча

Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
Белгилер:
курулуш, жол, Транспорт жана жолдор министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ