Депутат: Жалал-Абадда умрадан келген кемпирди коронавирустан өлгөндөй көмүштү

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Азизбек Турсунбаев
ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат элге так маалымат берилбей жатканын белгилеп, саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлиги сунушталган Сабыржан Абдикаримовго суроо узатты.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Депутат Азизбек Турсунбаев Жалал-Абадда каза болгон кемпирдин коронавирустун кесепетинен өлгөндөй болуп көмүлгөнүнө нааразы болду.

Учурда парламентте вице-премьер жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлер каралууда.

Жыйында депутат элге так маалымат берилбей жатканын белгилеп, саламаттык сактоо министри кызматына сунушталган Сабыржан Абдикаримовго суроо узатты. Себеби ал буга чейин Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

"Жакында Ала-Бука районунда 82 жаштагы кемпир каза болду. Аны коронавирустан шек санап жаткырышкан. Ал жактан анализи таза чыкканы айтылган. Анан кайра "ал чет мамлекетте болгон эмес" деп туура эмес айтып койдуңуздар. Кемпирдин умрадан келгенин элдин баары билет. Бирок каза болгондо коронавирустан өлгөндөй кылып көмдү да. Аны кандай түшүнсө болот, айтыңызчы?", — деди Турсунбаев.

Ал эми Абдикаримов кемпирдин толук анализи чыга электе кайтыш болгондуктан режимди сактоо менен көмүлгөнүн айтты.

"Ооба, ал кичи ажылыкка барып келген. Андан шектүү симптомдор пайда болгондон кийин обсервацияга жаткырдык. Биринчи анализи таза чыккан. Экинчи анализин (12 күнгө чейин) алганга чейин ал киши каза болду. Ушуга байланыштуу режимди сактоо менен көмдүк", — деди Абдикаримов.

Мындай жооп алгандан кийин депутат эл арасында ар кандай кеп тарап жатканын айтып, так маалыматты жеткирип коюуну өтүндү.

Коронавирус Кыргызстанда

Жолдогу маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө COVID-19 табылган эки киши менен Балыкчыга барган адамдар изделүүдө. Видео
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (59 аял, 52 эркек) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0