Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө эки жумага жетчү азык-түлүк бериле баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСупермаркеттен алынган азык-түлүк. Архив
Супермаркеттен алынган азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал учурунда муктаж болгондорго жардам берүү максатында "Жардам" штабы түзүлдү.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте азык-түлүк боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Республикалык "Жардам" штабы эки аптага жетчү тамак-аш жеткире баштады. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда маданият, маалымат жана туризм министри, штабдын мүчөсү Азамат Жаманкулов билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн расмий саны 800 экени айтылса, турмуш жүзүндө алар мындан 3-4 эсе көп экени белгиленди.

"1227 номери кечээтен бери иштей баштады. Бир сутканын ичинде ага бир миңден ашуу адам чалды. Азыр Бишкектеги жана анын тегерегиндеги турмушу начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткире баштадык", — деди Жаманкулов.

Анын айтымында, жардам корзинасында ун, кумшекер, чай, картошка, суу май, күрүч жана гречка бар.

Ошондой эле штаб мүчөлөрү жардамды бардык муктаж болгондорго тең жеткирүү үчүн өз алдынча кайрымдуулук кылган ишкерлерден штабга кабар берип коюусун өтүндү.

Экономист Нургүл Акимова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Экономист ишкерлерди туш болгон көйгөйлөрүн ачык айтууга чакырды
"Маалыматтын жоктугунан бир үй-бүлөгө 3-4 киши жардам берип, ал эми экинчи үй-бүлө такыр эле каралбай калып жатат. Ошондуктан бардык ишти борбордук штаб аркылуу кылууга чакырабыз", — деди Жаманкулов.

Белгилей кетсек, штаб азык-түлүк жана коргонуучу каражаттарга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүп жатат. Негизи өлкө боюнча жардамга муктаж болгон 96 миң үй-бүлө бар, бул тизмеге кандайдыр бир себептер менен кирбей калгандар дагы деле кайрылса болот. Бул үчүн 1227 номерине чалуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0