Депутаттар оор кырдаалда элге жөлөк болчу мыйзам долбоорун кабыл алды

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кенештин жыйналышы. Архив
Жогорку Кенештин жыйналышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт депутаттарга кырдаалга байланыштуу салык төлөө убактысын узартуу, туумдарды жоюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору каралды.

Заседание Совета безопасности в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чогултуп, элге жардам берүү маселесин талкуулады
Ага ылайык, Салык кодексине, Бузуулар кодексине жана Социалдык фонд жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Баяндамачы депутат Дастан Бекешев кырдаалга байланыштуу өкмөткө салык төлөө убактысын узартуу, туумдарды жоюу боюнча укук берилип жатканын билдирди.

Эл өкүлү Мирлан Бакиров аталган мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин бюджеттин жоготуусу канчалык болоруна кызыкты.

Ага Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жооп берип, бюджетке болжолдуу түрдө 16 миллиард 900 миллион сом түшпөй каларын айтты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Абдувахаб Нурбаев Кыргызстандын аймагына кирип жаткан күндөлүк турмуштагы эң маанилүү товарлардын бааларына ставкаларды нөлгө түшүрүү маселесин ЕАЭБдин алдына коюу керек деди.

"Бул маселени сиздер кабыргасынан коюшуңуздар зарыл. Экономиканы, бизнести өлтүрүп албашыбыз керек. Ушундай кыйын маалда бул уюмдун кереги тийбесе, анда анын кереги жок дегенге чейин барыш керек. Дары-дармек, медициналык жабууларды баасынын ставкасын нөлгө түшүрсөңөр ошондо сапаттуу дарылар келет эле", — деди Нурбаев.

Экономика министри Санжар Муканбетов ЕАЭБдин комиссиясына дал ушул сунуштар берилгенин, жакын арада уюштурула турган видеоконференцияда да бул маселе көтөрүлөрүн билдирди. Ошондой эле ал азык-түлүк, дары-дармектер эч кандай тоскоолдуксуз жашыл коридор менен келет деген чечим кабыл алынганын белгиледи.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов Казакстандан ун ташууга чектөө коюлганына нааразылык билдирип, ЕАЭБдин нормалары иштебей жатканына токтолду.

"Бажы бирлиги ушундай учурда иштесин же ушул кырдаалдан чыкканга чейин өз-өзүбүзчө оокат кылышыбыз керек. Унду казак туугандар бербесе башка жактан алууну ойлонуу кажет", — деди депутат.

Вице-премьер Эркин Асрандиевдин түшүндүргөнүнө таянып, өткөн бейшембиде казак тарап айына 30 миң тоннага чейин гана ун ташылсын деген чектөө койгонун айтты.

"31-марттан бери Чоң-Капка өткөрүү пунктуна да өзгөчө режим киргизилип, эртең менен 10:00дөн кечки 19:00гө чейин жүк өткөрүлсүн деген тартип киргизген. Бирок өкмөт өкүлүнүн ырастоосунда Россиядан 100 миң тонна кошумча буудай алуу тууралуу сүйлөшүлгөн жана ал үчүн мамлекеттик резервдер фондуна 600 миллион сом каралды", — деди Асрандиев.

Мындан сырткары, депутаттар өкмөткө атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, үч айлык субсидия берүүнү караштыруу, так антикризистик программасын иштеп чыгуу сунуштарын берүү менен мыйзам долбоорун алымча-кошумчалар менен жактырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0