Фейк жаңылыктар көбөйөт! Депутаттар журналисттердин ишин чектеген өкмөттү сындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДеятельность Жогорку Кенеша
Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарийлер журналисттердин ишин чектөө менен элге фейк маалымат таратууга жол ачылып жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өзгөчө абал учурунда мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) журналисттерине шаарда жүрүүгө тыюу салынганын сындады.

Эл өкүлү Садык Шер-Нияз эмне себептен бир гана мамлекеттик ЖМКлардын ишине уруксат берилип калганын сурады.

Ага вице-премьер Эркин Асрандиев "көчөгө чыккан адамдардын санын болушунча кыскартуу максатында ушундай чечим кабыл алынган. Башка ЖМКлар боюнча маселени азыр комендатура менен карап жатабыз" деп жооп берди.

"Маалыматтар ачык-айкын болгону үчүн Кытайдагы кырдаалды билип жатабыз. Эмне үчүн дүйнө жүзүндөгү практика Кыргызстанда болбошу керек? Силер аябагандай мурдун балта кеспей турган жакка өтүп алдыңар. Бүгүн жумушка келе жаткан кээ бир депутаттарды посттон өткөрбөй коюшуптур. Айланып келишти. Жогорку Кеңештин депутаттарынын укугун чектеп жатсаңар, анда журналисттерди жөн эле тепсендиге алып жатасыңар да. Элдин баары үйдө отурат. Силер болгону ачык-айкын иштеп беришиңер керек. Ошону да так аткара албай жатасыңар", — деп нааразы болду Шер-Нияз.

Ал эми депутат Жанар Акаев азыркы тапта элге түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жаткандыктан журналисттердин ишин чектеп коюу фейк маалыматтардын тарашына жол ачарын эске салды.

"Көз карандысыз маалымат каражаттарынын жок дегенде үч-төрт журналисти эркин иштешине уруксат беришиңер керек. Алар өлкөдө болуп жаткан окуяларды элге тынбай жеткирип турушу зарыл. Азыр мамлекеттик ЖМКларды көпчүлүк окубайт, жада калса ишенбейт. Карасаңар, өлкөдө рейтинги жогорку турган 20 маалымат каражатына уруксат берилбептир. Шаарды карасам "Финполдонмун", "УКМКданмын" деп күбөлүгүн көрсөтүп өтүп жүрүшөт. Ошолордон көрө коомго пайдасы тие турган журналисттерди өткөрбөйсүңөрбү. Бүгүндөн калбай уруксат берилиши керек. Эгер бербесеңер интернеттеги фейк маалыматтарга кыргыз коому ишенип жата берет", — деди Акаев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын команданты Алмаз Орозалиев "коопсуздук үчүн" деп мамлекеттик эмес ЖМКлардын журналисттерине шаар ичинде ээн-эркин иштешине тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0