Түптө эл обсервация жайынын ачылышына каршы митингге чыкты. Видео

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк, азыркы Ысык-Көл айылынын тургундары обсервация жайын жайгаштырууга каршы чыгууда
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк, азыркы Ысык-Көл айылынын тургундары обсервация жайын жайгаштырууга каршы чыгууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга чыккандар обсервация жайын алардын айылында жайгаштырууга каршы. Мындан улам обсервация болчу имараттын терезесин да талкалап салышкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк, азыркы Ысык-Көл айылынын тургундары обсервация жайын жайгаштырууга каршы чыгууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Күбөлөр Sputnik Кыргызстандын Telegram каналына нааразычылык акциянын видеосун жөнөтүшкөн.

Видеодон жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлери менен араздашып жатканын көрүүгө болот.

Кожоевдин айтымында, акцияга чыккандар обсервация жайын алардын айылында жайгаштырууга каршы чыгууда. Мындан улам имараттын терезесин да талкалап салышкан.

"Буга чейин чет мамлекеттен келген сегиз жаран күч менен обсервацияга алынган. Алар үй карантинин сактабай коюшкан. Бул сегиз адам ушул эле Маяктагы балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор болуп келген имараттын жатаканасындагы обсервация жайына жайгаштырылмак. Бирок жашоочулар нааразы болуп, имараттын терезелерин талкалап салышкан. Мындан улам сегиз киши Түптүн райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Айыл жашоочулары обсервация жайын башка жакка жайгаштыргыла деп талап кылышууда. Буга чейин эл ичинде "коронавируска кабылган адамдарды алып келет" деген ушак тараптыр. Аны ким таратканы азыр белгисиз. Имараттын терезесин сындыргандар изделүүдө", — деди Кожоев.

Айтымында, азыр Маяк толугу менен изоляцияланып, карантинге алынды. Учурда ӨКМ кызматы айылды дезинфекциялап, медицина кызматкерлеринин алты бригадасы иштеп жатат.

Кожоев нааразычылык акциясына жүздөй адам чыкканын кошумчалады. Аларга азыркы тапта деле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, бул айылда 1300дөн ашык түтүн жашайт.

Эске салсак, кечээ Ысык-Көлдүн эки тургунунан коронавирус аныкталган. Учурда облус боюнча 96 адам обсервацияда.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0