Коронавирус: жеке лабораторияда анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЭкспресс-тест на наличие коронавирусной инфекции у жительницы Ростова-на-Дону
Экспресс-тест на наличие коронавирусной инфекции у жительницы Ростова-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 111ге жетти. Штабдан билдиришкендей, учурда саламаттыгынан күмөн санагандар өз каражатынан төлөп анализ тапшырууну каалап жатышат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Саламаттыгынан күмөн санап, өзү үчүн коронавируска анализ тапшырууну каалагандарга менчик лабораторияларда кызмат көрсөтүү механизмдери иштелип жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Чет өлкөгө барбаган, оорулуулар менен байланышта болбогон адамдардын арасында дагы өзү үчүн коронавируска текшерилет элек дегендер чыгып жатат. Алар үчүн жеке лабораторияларда өз каражатынан төлөп анализ тапшыртуунун жол-жоболору, юридикалык механизмдери иштелип жатат. Жакынкы күндөрү мындай мүмкүнчүлүк пайда болот", — деди Мамбетов.

Маалыматка караганда, ушул күнгө чейин коронавируска анализ тапшыргандардын саны өлкө боюнча 9128 адамга жетти.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111 (52си эркек, 59у аял) болду. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Пожилой мужчина - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус аныкталган бейтаптар менен канча адам байланышта болгону айтылды
Бүгүн, 1-апрелде, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын бири толугу менен изоляцияга алынды. Буга ал айылдын чет өлкөдөн келген сегиз тургуну үй карантинин сактабай койгону себеп болду. Алар учурда обсервацияда.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0