17:34 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)
273802

Президент бүгүн Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевди коронавирус менен күрөшүүдөгү чабал аракети үчүн иштен алган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кызматтан кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна жаңы талапкерлердин сунушталганын парламенттеги жана өкмөт аппаратындагы бир нече булак билдирди.

Ага ылайык, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика - Ата-Журт” фракциясы) Аида Исмаилова вице-премьерликке сунушталды.

  • Депутат Жогорку Кенеша от фракции Республика — Ата-Журт Аида Исмаилова. Архивное фото
    Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика - Ата-Журт” фракциясы) Аида Исмаилова
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Экс-Заместитель министра здравоохранения КР Касымбек Мамбетов
    Саламаттык сактоо министрликтин алдында түзүлгөн штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов
    © Sputnik / Асель Акматалиева
1 / 2
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика - Ата-Журт” фракциясы) Аида Исмаилова

Ал эми саламаттык сактоо министри кызматына аталган министрликтин алдында түзүлгөн штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун талапкерлиги каралууда.

Мыйзам боюнча өкмөт мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди премьер-министр парламенттин көпчүлүк коалициясына сунуштайт. Андан кийин тармактык комитеттерде каралат.

Ал жактан колдоо тапса жалпы жыйынга чыгарылат да, депутаттардын добушу менен талапкерлиги жактырылат же артка кайтарылат.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон.

Кечээ, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.

Мындан улам Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)

Тема боюнча

Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү
COVID-19 аныкталган төрт кишинин бирөө Россиядан келген
Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Алтынай Өмүрбекова, талапкер, Кыргызстан, Космосбек Чолпонбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ