COVID-19 аныкталган төрт кишинин бирөө Россиядан келген

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер учактагы жүргүнчүлөрдү текшерип жатат тепловизор менен. Архив
Медициналык кызматкер учактагы жүргүнчүлөрдү текшерип жатат тепловизор менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаӊы аныкталган учурлардын үчөө оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуктурганы аныкталган төрт адамдын бирөө Россиядан келген. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда бүгүн дагы төрт адамдан коронавирус аныкталды.

"Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө сырттан келген, тагыраагы, Россиядан. Үчөө оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан", — деди Мамбетов.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Ситуация в Бразилии по случаю коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
"КРде обсервация жайлары жабылдыбы". Министрлик жалган маалыматты төгүндөдү
Бүгүн, 1-апрелде, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын бири толугу менен изоляцияга алынды. Буга ал айылдын чет өлкөдөн келген сегиз тургуну үй карантинин сактабай койгону себеп болду. Алар учурда обсервацияда.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0