Министрлик: дипломдук ишти онлайн-режимде жактоого болот

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүВ школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса
В школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында, көптөгөн окуу жайлар мындай практиканы ийгиликтүү пайдаланып жүрөт.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Дипломдук ишти жактоону онлайн-режимде кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы университеттердин мүмкүнчүлүгү да, тажрыйбасы да бар. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин көптөгөн окуу жайлар мындай практиканы ийгиликтүү пайдаланып келген.

"Студент академиялык мобилдүүлүктүн алкагында биргелешкен программалар аркылуу башка өлкөдө окуп жүргөн күндө дагы учуру келгенде дипломдук ишин онлайн-режимде коргогон учурлар аз эмес. Мында Skype сыяктуу мессенджерлер аркылуу видео-конференция уюштурулат", — деди орун басар.

Орус тилинен эказмен берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылды
Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын бардык университеттеринде бул боюнча мехинизмдер бар.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын мектептери төртүнчү чейректи дистанттык режимде окуй турганы айтылган. Анын шарттары менен Sputnik агенттигинин материалынан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0