Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги оорукананын коридорунда бара жаткан дарыгерлер
Бишкектеги оорукананын коридорунда бара жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген айрым аймактарында кандай ишканаларга ишин уланта берүүгө уруксат берилгенин Республикалык штабдан билдиришти.

Тизмеде адам баласынын күнүмдүк турмушуна өтө зарыл тамак-аш, буюм-тайым чыгарган жана кызмат көрсөткөн мекемелер көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын жумушчулары мындан ары үйүнөн иштөөсү керектиги айтылат.

1. Саламаттык сактоо системасы:

  • ооруканалар;
  • лабораториялык кызматтар;
  • үйгө барып медициналык кызмат көрсөткөн мекемелер;
  • жеке менчик медициналык мекемелер;
  • ветеринардык тез жардам кызматы;
  • медициналык товарлардын дистрибьюторлору.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:

  • электроэнергиялык компаниялар;
  • суу менен камсыз кылуу;
  • электриктер жана сантехниктердин кызматы;
  • өрт өчүрүү кызматы;
  • көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматы;
  • калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
  • дезинфекция;
  • телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техникалык колдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет);
  • аэропорттор;
  • темир жол бекеттери;
  • почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
  • социалдык камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:

  • тамак-аш өнөр жайы;
  • айыл чарбасы;
  • биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
  • химиялык реагенттерди чыгаруу;
  • дары-дармек препараттары;
  • медициналык жабдуулар жана аспаптарды чыгаруу;
  • үйгө керектелчү кагаз буюмдары;
  • жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:

  • азык-түлүк дүкөндөрү;
  • дарыканалар;
  • май куюучу жайлар;
  • ресторандар, барлар, кафе, ашканалар үйгө жеткирип берүү кызматын көрсөтөт;

5. Башка маанилүү кызматтар:

  • азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматына саат 7:00дөн 20:00гө  чейин иштөөгө уруксат берилет;
  • азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана медициналык каражат таратуучу кампалар;
  • банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш борборлорунун кызматкерлерине, техникалык колдоо, кассир, телекоммуникация жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
  • мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана). Бирок мейманканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек;
  • жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
  • карылар үйлөрү;
  • балдар үйлөрү;
  • үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
  • жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
  • ритуалдык жана мүрзө кызматы агенттиги.
  • Ошондой эле бардык автоунааларда коргонуу каражаттары болушу керектиги айтылат.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе, ӨА тартиби уланары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0