Аялдаманы дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды коронавирус каптаган 14-күн: тексттик баяндама, сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстандыктар жаздын биринчи айын COVID-19 кооптуулугу менен узатып жаткан кез. Соңку маалыматтарга таянсак, өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 94кө жетти.

Кооптуулук Кыргызстандын арбыныраак аймагында – беш облусунда жаралды. Бир катар облустарда элдин кирип-чыгышына тыюу салынды. Борбор калаа баштаган үч шаар, үч район, эки облуста өзгөчө абал киргизилди.

Тилекке каршы, Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны улам көбөйүп бара жатат.

Sputnik Кыргызстан бүгүн да абал боюнча окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берип турмакчы.

Мазмуну
14:11 31.03.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:15 31.03.2020
19:09 31.03.2020
18:26 31.03.2020
17:25 31.03.2020
16:38 31.03.2020
16:33 31.03.2020
16:29 31.03.2020
16:23 31.03.2020

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү.

Мектептерде IV чейрек сабактарын дистанттык түрдө өткөрүү боюнча билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жоопкерчиликтүү жана ыкчам иштөөгө чакырды.

 

14:57 31.03.2020

ИИМ кызматкери катары айтып коеюн, эми мыйзам чегинде чара көрөбүз. Медицина кызматкерлери менен сүйлөшүп, оперативдүү топ түздүк. Кармалгандарды обсервацияга жаткырабыз.

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат
14:34 31.03.2020

ЖРТ быйыл өтөт, бирок кайсы убакытка чейин жылганын айта албайбыз. Өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет.

 

Досрочная сдача ЕГЭ во Владикавказе - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылды
14:30 31.03.2020

«Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенджерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушат», - деп кошумчалады Жусупбекова.

14:26 31.03.2020

“Окутуунун дистанттык формасы республикалык бюджеттен каржылангандыктан, ата-энелерден акча талап кылынбайт. Мугалимдерге кадимкидей эле айлыгы төлөнөт”, - деди Жусупбекова.

14:18 31.03.2020

8-апрелден тарта IV чейректин сабактары төмөнкү каналда өтүлөрү айтылган: 

КТРдин "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн),

5-11-класстын окуучулары үчүн ЭлТРдин "Илим Билим"  каналы жана "Санат", "Пирамида", "5-канал" берет .  

14:15 31.03.2020

Окуучуларга окуу материалдарын үч булак аркылуу жеткирүүнү пландалган:

ЭлТР, "Баластан" (1-4-класстар үчүн) каналдары;

Министрликтин жаңы түзүлүп жаткан порталы;

"Мега 24" тиркемеси.

Бул үчөөнө тең программалар жүктөлүп, окуучулар кайсынысы жеткиликтүү болсо ошону колдонуп билим алса болору айтылган. Мисалы, интернетти кенен-кесири колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон алыскы аймактардагы окуучулар теле аркылуу сабак аларын кабарлашкан. 

 

 

14:14 31.03.2020

Буга чейин министрликтен дистанттык түрдө билим берүү үчүн окуу программасы электрондоштурулуп жаткандыгын айтышкан. 

"Учурда төртүнчү чейректин программасы толугу менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Тагыраагы, телепрограммалар тартылып жана интернет порталга көчүрүлүп жатат", — деп айтышткан. 

 

14:11 31.03.2020

"4-чейректин ийгиликтүү болушу сиздердин аракетиңиздерге да байланыштуу. Сабактан сырткары спорттук көнүгүүлөрдү, көркөм окуу сыяктуу кошумча жактарын кошууну караштыруу керек", - деди Жусупбекова. 

14:03 31.03.2020

Кырдаалга байланыштуу 8-апрелден тарта IV чейректи дистанттык окуу боюнча министрдин орун басары Надира Сынташова ата-энелерге кайрылды.

"Ата-энелер чоң жоопкерчилик силерде. Министрлик кайрылуу даярдадык. Балдар менен үйдө жагымдуу психологиялык кырдаал жаратып, иш күнүнүн пландашыңыздар керек. Телеканалардан берилүүчү сабактардын жүгүртмөсүн алып, алардын окуй турганына шарт түзүп берсеңиздер", - деди ал.

 

14:01 31.03.2020

Окуучулардын каникул шарты, окутуу шарттары, бала бакчалардын иштөөсү  боюнча сөз болот.

13:15 31.03.2020
13:04 31.03.2020

Учурда башкармалыктын кызматкерлери облустун аймагындагы 13 санитардык-карантиндик постто күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

 

Ситуация в Нарынской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
12:59 31.03.2020

Бир айга чукул ооруп жүргөн. Командировкага көп чыккандыктан, дарыгерлерге кайрылууга шарты болгон эмес.

 

Насилие в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда коронавирустан 50 жаштагы экинчи жаран каза тапты
12:54 31.03.2020
12:32 31.03.2020
12:25 31.03.2020
12:24 31.03.2020
12:20 31.03.2020
12:20 31.03.2020

Касымов: Өлкө ичинде 19 кишин акыркы күндөрү байланыш тартиби сакталбагандыктан коронавирусту жуктуруп алган.

12:19 31.03.2020

Касымов: Оору чыккан 5 үй-бүлөдө 15 адам коронавирус менен пайда болду. Бул карантинди сактабай жаткандыктын кесепети.  

12:17 31.03.2020

Мамбетов: 5638 киши сырттан келген. Үйүнө жиберилип отуруп, азыр 1592 киши обсервацияда жатат.

12:14 31.03.2020

Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.

12:13 31.03.2020
12:12 31.03.2020

Коронавирус аныкталган бейтаптар: 

58 аял,

49 эркек,

15 бала, 

1 жашка чейин эки наристе

 31 улгайган адам бар. 

12:11 31.03.2020
12:10 31.03.2020

Бишкек ш. – 1

Нарын облусу – 3

Ысык-Көл облусу – 2

Чүй облусу – 1

Ош облусу – 5

Жалал-Абад облусу – 1

12:07 31.03.2020
12:06 31.03.2020
12:05 31.03.2020
12:04 31.03.2020
11:00 31.03.2020

Коронавирустун жаңы түрү абада өзү жашай албайт. Ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп же сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат.

 

Ситуация в Англии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
10:58 31.03.2020

Британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльздан бир апта мурда коронавирус табылган. Анын жубайы да текшерилип, бирок андан COVID-19 чыккан эмес.

Бир жумадан кийин Чарльздын илдеттен айыкканын падышалык үй-бүлөнүн өкүлү айтып берген. 

 

Сын королевы Великобритании принц Чарльз - Sputnik Кыргызстан
10:11 31.03.2020

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев кошумча чектөөлөрдү киргизүү боюнча буйрукка кол койду. 

Төмөнкү иш-аракеттерге тыюу салынат:

Жеке автоунаасы менен жүйөлүү себепсиз жүрүүгө;
Жумушуна барып-келүүдөн сырткары жайбаракат шаар аралап басууга;
Туугандарынын, досторунун, кесиптештеринин жана башка жакын адамдарынын үйүнө барууга;
Эгер үй-бүлө мүчөсү болбосо, бир жерде үч адамдан ашык чогулуусуна;
18 жашка чыга элек балдардын улуу адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусуна БОЛБОЙТ! 


 

09:57 31.03.2020
09:43 31.03.2020
Как опустели Нур-Султан и Алматы из-за коронавируса — видео - Sputnik Кыргызстан
09:30 31.03.2020

"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?

 

Ситуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?
09:25 31.03.2020
09:23 31.03.2020

Буга чейин мэрия оорукананын дарыгерлерине 1700 кап жогорку сорттогу унду арзандатылган (1350 сом) баада жеткирип берген.

"Ош шаарынын мэринин жолугушуусунда айлыгы аз медайымдар ал ундан ала албай калганын айтышкан. Мындан улам Таалайбек Сарыбашов мэриянын эсебинен аларга беш тонна ун акысыз берүүнү убадалады”, — деп айтылат мэриянын маалыматында.

 

Ошская городская клиническая больница - Sputnik Кыргызстан
09:14 31.03.2020

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин брифинги аяктады. 

09:12 31.03.2020

Комендант бүгүнтөн тарта шаардыктардын көчөдө жүрүү тартиби татаалдана тургандыгын, андыктан эшикке бейчеки чыкпоону айтты. 

09:10 31.03.2020

Орозалиев: Коменданттык саат киргизилген бир нече күндөн бери анын эрежесин бузган 876 адам кармалды.

09:10 31.03.2020

Орозалиев: Бүгүнтөн тарта уруксат документтерин электрондук система менен берүү  ишке киргизилди. Бул биринчи иретте мамлекеттик кызматкерлер үчүн.

09:07 31.03.2020

Орозалиев: Бишкекте коомдук коопсуздук боюнча абал туруктуу. Коменданттык сааттын эрежесин бузган 137 адам кармалса, 116сы эркек, 18и аял, үчөө өспүрүм болду.

09:06 31.03.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0