Жеңиштин 75 жылдыгына арналган ырлар сынагына үйдө отуруп катышууга болот

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүЖеңиш күнүнө карата уюштулурган концерт. Архив
Жеңиш күнүнө карата уюштулурган концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык илим жана маданият борбору сынакка катышуу үчүн кандай шарттарды аткаруу керек экендигин айтып берди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган ырлардын аралыктан уюштурулган сынагы өтөт. Бул тууралуу Россиялык илим жана маданият борборунан билдиришти.

Конкурс "Ырдайлы, достор" деп аталып, ага үйдө, карантинде отуруп деле катышууга болот.

Сынактын шарттары:

  • Мекенчилдик маанайдагы ырды тандоо керек (согуш жылдарындагы же Жеңиш, мекен, атактуу жердештер сыяктуу ушул багыттагы чыгармалар);
  • Ырдап, видеого жаздырасыз (роликтин сапаттуу болушу шарт);
  • Аткаруучу жана видео жөнүндө маалыматты (аты-жөнү, жашы, байланыша турган телефондун номери) maestroromans@mail.ru электрондук дарегине "Победа 75" деп белгилеп жөнөтөсүз.

Сынактын шарттары менен кененирээк таанышууну кааласаңыз, аталган борбордун сайтына бул шилтеме менен кире аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0