Кыргызстандагы абак жайлар сырттан келгендер үчүн жабылды

Жазылуу
Кыргызстандын түрмөлөрүндө COVID-19 жуктуруп алгандар жана оорунун белгилери байкалгандар табылган жок.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандын абактары коронавирустан улам сырттан келгендер үчүн жабылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Абал жакшырганга чейин эркинен ажыратылгандардын жакындары менен жолугуусу жана сырттан берилген буюмдарды (дары-дармек менен гигиеналык каражаттардан сырткары) кабыл алуусу токтотулду.

"Кыргызстандын түрмөлөрүндө COVID-19 жуктуруп алгандар жана оорунун белгилери байкалгандар табылган жок. Дезинфекция жана отургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин кызматкерлеринин вирустан сактоочу кийимдер менен жүргөнү айтылды. Анткен менен бул жаатта гуманитардык жана демөөрчүлүк кылып жардам бере тургандар болсо кабыл алынарын билдиришти.

Коронавирус Кыргызстанда

Көчөнү көзөмөлдөп жаткан ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
300 миң сомго чейин айып салынат! Карантинди бузгандар жазаланмай болду
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе ӨА тартиби уланары айтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0