20:34 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)
520 0 0

Учурда Кылмыш жана жоруктар кодексинин 171-беренеси ("Жасап алуу") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Чүй облусунда жасалма өткөрмө кагаз менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, колго түшүрүлгөн киши 49 жашта. Анын Toyota Chaser үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого токтотулду.

"30-март күнү Чүйдүн Киргшелк айылындагы санитардык-карантиндик посттон инспекторлор Toyota Chaser үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Автоунаасынын маңдайында көк түстөгү (Чүй облусунда жүрө берсе болот) өткөрмө кагазы турган. Документти текшере келгенде ал жасалма болуп чыкты. Жерине Ысык-Ата райондук ыкчам тергөө тобу барган. Автоунаа айып короого токтотулду", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факт Жоруктар кодексинин 171-беренеси ("Жасап алуу") менен бирдиктүү реестрге каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бишкекте өзгөчө абал учурунда ары-бери каттоо үчүн ар кайсы кызматтарда иштеген жарандарга үч түрдүү өткөрмө кагаздар берилип жатат. Көк түстүүсүн алгандар шаар ичинде 24 саат бою жүрө алышат. Кызыл түстөгүсүн алгандар саат 7.00дөн 20.00гө чейин жүрө алышат, адатта булар ар кайсы мекемелерде иштеген кызматкерлер, дүкөн, дарыканаларды товар менен камсыз кылган ишкерлердин колунда. Сары түстөгүсү медиктер менен банк кызматкерлерине берилет.

Эске салсак, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана өлкөнүн үч районуна өзгөчө абал киргизилген. Ал эми калган облустарда өзгөчө кырдаал режими иштейт.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)

Тема боюнча

Боронов: Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек
Эл тарбияласын! Карантин эрежесин бузгандар көбөйсө, аты-жөнү жарыяланат
Кыргызстанда коронавирус жуктурууга шектүү делип 1459 адам жатат
Белгилер:
кагаз, өткөрмө, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ