Чолпонбаев: алгачкы үч бейтап үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус жуктурган

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгер республикалык оорукананын коридорунда. Архив
Дарыгер республикалык оорукананын коридорунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр мамлекет дагы тийиштүү чараларды көрүп жатканын айтып, бирок чоң жоопкерчилик жарандардын өзүндө экенин белгиледи.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылганы аныкталган алгачкы үч адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы илдет жуккан. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу 18-мартта Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген Сузактын үч тургунунан COVID-19 табылган.

“Учурда чет жактан жуктуруп келген адамдардын саны кыскарып, өлкө ичинде бири-бирине жуктургандар көп катталууда. Ошондуктан жөнү жөк айылдан-айылга, шаардан-шаарга каттай берүүнү токтотуп, үйдө болуңуздар. Бул — коронавирустун жайылышына бөгөт коюунун эң жакшы методу. Бүгүнкү практика көрсөткөндөй, алгачкы катталган үч адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана айланасындагы адамдарынын дээрлик баарынан коронавирус табылды. Бул бир адам кабылса үй-бүлөсүнүн баарына жугат дегенди түшүндүрөт. Жок дегенде жакын адамдарыңыздардын ден соолугу үчүн биз сунуштаган эрежелерди сактап отуруңуздар” — деди Чолпонбаев.

Ал ошондой эле мамлекет дагы тийиштүү чараларды көрүп жатканын айтып, бирок чоң жоопкерчилик жарандардын өзүндө экенин белгиледи.

Коронавирус Кыргызстанда

Медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дубайдан келишкен. Коронавирус жуктургандардын экөө – Көк-Жарда жашаган ата-бала
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 94кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0