Өкмөт жумушсуз калган кыргызстандыктарга азык-түлүк жагынан жардам берет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗаводы по производству круп и мукомольной продукции в Новосибирской области
Заводы по производству круп и мукомольной продукции в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчылар азык-түлүк топтомун дарегине түздөн-түз жеткирүүгө жардам берүүгө даяр. Аларга аймакты жакшы билген турак жай комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү аймактык башкармалыктар жардам берет.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көп балалуу жана жашоо шарты начар бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн өкмөткө ишкерлер жана жөнөкөй жарандар кайрылууда. Муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган тамак-аш продуктулары берилет.

"Биринчи баскычтагы жардам экономикалык ишмердүүлүгү кыйла чектелген жана акча табуу булагы жок калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт", — деди Абылгазиев.

Ситуация во Франции из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кечээ коронавирус табылган 26 адамдын көбү өлкө ичинде жүрүп жуктурган
Бул механизм өлкөнүн калган райондоруна андан кийин киргизилет. Материалдык резервдер фондунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатуу үчүн 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынган. Бишкек жана Ошто гуманитардык жардам чогултуу пункттарында бөлүштүрүлөт.

Ыктыярчылар азык-түлүк топтомун дарегине түздөн-түз жеткирүүгө жардам берүүгө даяр. Аларга аймакты жакшы билген турак жай комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү аймактык башкармалыктар жардам берет.

"Муктаждарга жардам көрсөтүүнү каалаган бизнес жана жарандык коом өкүлдөрүнө акча каражаттарын которбой эле азык-түлүк топтомдорун сатып алуу сунушталат. Андан соң ыктыярчылардын жардамы аркылуу алар белгиленген жактарга жеткирилет", — деп жазылат маалыматта.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти.

Медициналык кызматкер дезинфекциялоо учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 24, Чүй облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Ош шаарында — 8, Бишкек шаарында — 7, Нарын облусунда 1 учур катталган. Бейтаптардын 53ү аял болсо, 41и — эркек киши.

Бирок 30-март күнү бейтаптардын алгачкы үчөө коронавирусту жеңгени аныкталды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0