Кыргызстанда коронавирус жуктурууга шектүү делип 1459 адам жатат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОбсервациялык бөлүм. Архив
Обсервациялык бөлүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, өлкөдө 94 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын үчөө айыгып чыкты.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурууга шектүү делип 1459 адам обсервацияда жатат. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирусту текшерүү үчүн 13 302 анализ алынган. 94 жаран ооруну жуктурганы аныкталып, 7002 адамдын анализи таза чыкты. Калгандары анализинин жыйынтыгын күтүүдө.

“Ошону менен бирге сырттан келген жана ооруга чалдыккан деген шек менен 1459 жараныбыз обсервацияда жатат. Алар ооруну жуктургандар менен жакындан байланышта болгон адамдар”, — деди Боронов.

Коронавируска шектелип обсервацияда жаткандардын саны аймактар боюнча төмөндөгүдөй:

  • Бишкекте — 401;
  • Чүй облусунда —115;
  • Ош шаарында — 125;
  • Ош облусу — 231; 
  • Жалал-Абадда — 79;
  • Баткен облусу —199;
  • Нарын облусу—108;
  • Талас облусу — 146;
  • Ысык-Көл — 155 киши.

Коронавирус Кыргызстанда

Больница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 10 адамдан COVID-19 аныкталды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 94кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0