Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер дезинфекциялоо учурунда
Медициналык кызматкер дезинфекциялоо учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылса болот.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкекте соцкызматкерлер жалгыз калган карыларга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, калаада жалпы 84 соцкызматкер бар. Азыркы тапта алардын баары иштеп жатат.

"Соцкызматкерлер 146 шаар тургунуна үйүнөн жардам көрсөтүүдө. Алар жалгыз жашаган карылардын, майыптыгы барлардын үйүнө күнүнө эки жолу ысык тамак алып барып, жашаган жерин дезинфекциялап кетип жатат. Карылар үйү, балдар үйү жана башка соцмекемелердин баары карантинге жабык", — деп айтылат маалыматта.

Жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылса болот.

  • Арсен Абдылдаев, Биринчи Май району — 0700 476546;
  • Жамиляхан Жунусалиева, Свердлов району — 0704 570513;
  • Рейна Султанмуратова, Октябрь району — 0772 670917;
  • Бүбүажар Мамбетсеитова, Ленин району — 0709 997441.
Жаңылыктар түрмөгү
0