Министр: бүгүн коронавирустан айыккандар ооруканадан чыгарылат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтапты кабыл алуу учурунда. Архив
Дарыгер бейтапты кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, ооруканадан чыгарылчу бейтаптар Жалал-Абаддан. Толугураак маалымат бейтаптар үйлөрүнө чыгарылгандан кийин берилерин айтты.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын айыккандары ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев түштүк аймакка дарыгерлерди узатып жаткан иш-чарада айтты. Бул иш-чара министрликтин Facebook баракчасында түз алып көрсөтүлгөн.

Анын айтымында, ооруканадан чыгарылчу бейтаптар Жалал-Абаддан. Толугураак маалымат бейтаптар үйлөрүнө чыгарылгандан кийин берилет.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Ухане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адамга COVID-19 инфекциясы жукканы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0