17:07 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (899)
201 0 0

Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, 1312 кыска номери аркылуу байланышып тактоого болот. Чалуу акысыз.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында тоскоолдуксуз жүрүү үчүн уруксат кагазын райондук ички иштер башкармалыгы бере баштайт. Бул туурасында борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Ал РИИБдерге уруксат кагазын берүү боюнча буйрук чыгарганын айтты. Демек ишкерлер калаага кирүүгө уруксат сурап Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондук милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

Ошондой эле ал эртеңден тарта уруксат кагазы онлайн түрүндө дагы бериле баштай турганын билдирди.

Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, 1312 кыска номери аркылуу байланышып тактоого болот. Бардык уюлдук операторлордон байланышуу акысыз.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (899)

Тема боюнча

Бишкектин ичинде жүрүүгө электрондук уруксат кагаздары берилмей болду
Кыргызстандагы COVID-19: өлкөдө бүгүн абал кандай. Тексттик баян, сүрөт, видео
Белгилер:
РИИБ, уруксат, Алмаз Орозалиев, коменданттык саат, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ