Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаалар чуй облусттун жолунда. Архив
Унаалар чуй облусттун жолунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-март күнү түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 30-март, дүйшөмбү күнү, Ош, Баткен облустарында кыска убакытка жамгыр жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас жергесинде +13... +18, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +8…+13, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +17…+22 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +17...+19 градуска жетсе, Ошто +19... +21 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0