Байкалдагы бир күн. Муз эрип кеткенче Бурятияны бир көргөн оң

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОзеро Байкал
Озеро Байкал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкалдан кеп козголгондо адатта Иркутск, Листвянка, Ольхон аралы ойго келет. Бирок дүйнөдөгү эң терең көлдүн жээгинин басымдуу бөлүгү Бурятия Республикасында жайгашкан.

Деңизге кириш ушул жерде – жергиликтүү эл Байкалды кумдуу жана суусу 25 градуска чейин жылый турган булуңдары менен көлдүн жантайма жээгин дал ушундай аташат. Бирок муздун алдындагы көлдө да көрчү нерсе толтура.

Эмнеге кышкысын Байкал поезддин үнүндөй добуш салат, ал эми жайкысын кандай жыттанат, жергиликтүү ыйыктарга кантип туура "табынып" жана кызылгаттын бадалдарын кайдан издөө керектигин – РИА Новости агенттигинин кабарчысы Ирина Овчинникованын макаласынан окуңуздар.

Тунук муз жана жергиликтүү ыйыктар

"Мөлтүр муз каптаган Байкалдын сүрөттөрүн көпчүлүк көрүп, тегиз муз каптаган деп ойлойт, бирок бардык жери эле тоңо бербейт", - дейт жергиликтүү туристтик ишканалардын биринин кызматкери Валентин. Адатта кургактагыдай эле ал да кар жамынат, муз шамал тийген жерлерде гана көрүнөт, көбүнесе – көлдүн түндүк тарабында.

Валентин муздун мынчалык жылмакай жана туптунук болгону үстүнөн куюлган суунун жылуулугунан улам экенин кошумчалайт. Көпкө чейин антип турбайт, бирок сүрөткө түшүп бүткөнчө жетет. Кооз сүрөт тартууну көздөбөгөндүктөн, түштүгүндөгү Танхой кыштагына бет алдык.

Улан-Удэден нары эки сааттык жол. Жолдо ашууну ашасыз, чокуларында жергиликтүү элдин салты менен жергиликтүү ыйыктарга табынып, тартуу калтырасыз. Тыйын, момпосуй таштап же жерге суу төгүп койсоңуз деле жетиштүү.

Севастополь шаары, Крым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крымдын Прибалтика тагдырын кайталарына ишенген АКШ. Узакка созулган күтүү
"Бул байыркы шамандык үрп-адат, — деп түшүндүрөт гид Дарима. — Бирок аны буддисттер да, православ, ал тургай атеисттер деле аткарат. Катаал климаты (кескин континенталдык, башкача айтканда, кышкысын – 40, жайкысын +40) алдын алып, азыраак тартуу кылып коюуга мажбурлап тургандай".

Диндердин ушундай аралашуусу жана сыйкырдын күчүнө ишеним бардык жерде байкалат. "Маселебиз болсо, адегенде шаманга айтабыз, анан ламага, аны бекемдөө үчүн бакшы атага деле бара беребиз", — деп тамашалашат жергиликтүүлөр.

Сүйлөшүп баратып убакытты сезбептирбиз, жолдон Байкал көрүнө баштады. Эми аны бойлой жүрүп отурабыз. Бирок көлдөн бизди белгилүү Транссиб темир жол бутагы бөлүп турат.

"Туристтерге адегенде Улан-Удэге учуп келип, Байкалдын түштүгү менен Иркустскиге келүүнү же кайра кайткан жолду ошондой уюштурууга кеңеш берер элем. Анан да түнкүсүн эмес, сөзсүз күндүзү!" — деп баса белгилейт Дарима.

Жайкысын мындай саякат маалында терезени ачып алыш керек, аба жаңы бышкан бадыраң жана бир аз дарбыз жыттанат.

Закымдар жана оркойгон муздар

Жээкке токтоп, 30 сантиметрлик карды кечип музга карай баратабыз. Бир караганда бул түз талаадай эле туюлат, Байкалдын реалдуулуктарына бут алдыбыздагы оркойгон муздардан улам ишене баштайсың. Муздун кесектери мында он метрге чейин кездешет.

"Кеп муздун бирдиктүү катмар эместигинде, ал ар кыл жыштыктагы, бири-бирине карай жылган фрагменттерден турат. Кагылышкан жеринде оркойгон муздар пайда болот, андайда добушу укмуш, жакын арада поезд өтүп бараткандай угулат", — деп түшүндүрөт Дарима.

Россия менен Беларуссиянын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Россия чек арасынын баарын жапты
Муздун чоң сыныктары торттун кесиминдей, анан да катмары ар кыл: бирюза, тунук, киргилденген. Биз барганда аба ырайы сонун эле, муз күнгө чагылып жылтылдайт. Биздин жолдуу экендигибизден деле эмес, негизи эле Бурятияда дээрлик жыл бою күн чайыттай тиет.

Байкалдын өз закымдары бар – күндүн чагылышынан маңдайдагы жээк жакын сезилет. Мындай туюм далай жолоочуларды азгырган дешет. Бирөөсү Листвянкага чейин төрт-беш чакырым деп ойлоп алат. Жергиликтүүлөрдүн он эсе ыраак дегенине ынанбай, муз менен жүрүп отурат. Бороонго калып, жолунан адашып, бир суткадан кийин үндөбөй, кыжырдана кайтканын кеп кылышат.

Иркутск жагынан, Бурятиядан да жээктер көрүнөт, бирок ал дагы закым, ал жакта болгону аска жана жарлар бар.

Кечүү

Байкалга келүүгө дагы бир шылтоо дал Танхой кыштагынан табылат, бул жээктеги үч кечүүнүн калдыктарынын бири ушул жерде.

Транссиб курулуп бүтө электе (көлдү курчаган эң татаал тилкелердин бири калган убак), XX кылымдын башындагы бир нече жыл бою "Байкал" жана "Ангара" аталган муз жаргыч ири кемелерди суу менен темир жол курамын жеткиришкен.

Абдан терең тоңгон убакта музга рельстик жол төшөп, вагондорду ат менен сүйрөтүшкөн. Мурдагы порт — азыр булуңдагы үч чакан ураган курулуш, бирок 1904-1905-жылдардагы орус-япон согушунун убагында мында курал-жарак жана азык-түлүктү кабыл алышкан.

Бул жактан анча ыраак эмес жерде бир-эки жыл мурун "Байкальская переправа" тарыхый-мемориалдык комплексин ачышкан.

Кызылгат бадалдары

Танхойдо дагы Юнесконун түйүнүнө кирген Байкал биосфералык коругунун борбордук багы жайгашкан. Бул жерде алп кедр дарактарынан сырткары миңдеген өсүмдүк түрлөрү, жаныбарлардын күрөң аюулар, эликтер, каман, багыш жана дагы ондогон түрү кездешет.

Мунун баарын үч экологиялык чыйыр менен чыгып өз көзүңүз менен көрүүгө болот.

Кышкысын чынында бир чакырымдык жалгыз гана жол ачык. Аягында орточо кыштоо, ичинде отун жагылган меш, жыгач секиче жана стол коюлган. Ушундай шарттарда токойдо аңчылар түнөйт. Корукта болсо кызматкер туристтик топторду тосуп алып, чай берип, кантка эзилген кызылгаттан сунат.

Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня": үйдөн чыкпа, жакындарыңды ойло!
Анын айтымында, Бир жолкусунда Москвадан келген туристтер кызылгатты кандай бактан тергенин сурашкан (Бурятияда аларды таң калтыра турган кеминде бир нерсе табылды).

Коруктун директорунун орун басары Ирина Лясота кышында да, жайында да ыктыярчылар көп болорун, ал тургай алар үчүн өзүнчө турак жай корпусу курулганын айтат. Европа, Америкадан көп келишет, ал эми москвалыктар азыраак каттайт.

Коруктун Байкалдын жээгинде визит-борбору бар, 2017-жылы Владимир Путин өз сапарында аны көрүп кеткен (РФ президентинин сүрөтү аталган борбордун төрүндө илинүү).

Цивилизациядан оолак турган жерден мынчалык технологиялык стенд, экран, балдар үчүн антураждарды көрүш ойго келбейт, ал гана эмес, дары чөптөрдөн демделген чайдан ууртай көлгө суктанып отурчу кафеси да көркөм жасалгаланган. "Азыр баргузиндик суусарларга барабыз, капас бар", — деп калды гид. Темир капаска салынган зоопаркты элестеттик эле. Ал эми Гром менен Тучка таш, жыгач коюлган кенен вольердин ичинде кармалат экен. Бул жандыктардын "Твиттерде" өз баракчалары да бар, күн тартиби да эркин, каалаган убакта эс алышат. Биз барган тапта ага-карындаш жандыктар таттуу уйкуда экен.

Аларды ойгоо кезинде көрүш үчүн кайра бир келүүгө арзыйт. Күн узарган маалда Байкалда мөмөнүн жеңил жыты мурун өрдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0