Таластын ишкерлери 227 үй-бүлөгө ун, адистерге бет кап, комбинезон алып берди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер лаборатория иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер лаборатория иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ишкерлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, азыркы тапта кызмат өтөп жаткан адистерге колдоо көрсөтүшкөн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер аз камсыз болгон 227 үй-бүлөгө бир каптан ун жана 25 килограммдан күрүч таратышты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Ал эми кызмат өтөп жаткан адистерге 47 200 даана бет кап, 497 бир жолку колдонулуучу комбинезон, 40 даана көп жолку колдонулуучу комбинезон тапшырышкан.

Мындан сырткары, 280 жуп кол кап, 850 литр антисептик жана 100 жуп резина өтүк беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0