Ноокат менен Сузакта вирус жуктурган 3 адам оор абалда реанимацияга түштү

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтаптар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө аймагында 84 адам коронавирус менен күрөшүп жатат. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам реанимацияда жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган бейтаптар Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары.

“Коронавирус жуктурган адамдардын баары ооруканада жатат. Анын ичинен үчөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Алардын экөө Ноокат, бирөө Сузак районунда. Бейтаптарды Бишкектен жөнөтүлгөн дарыгерлер карап жатат”, — деди Мамбетов.

Медициналык дарыгер коопсуз костюмчан ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктуруп алды
Бүгүн Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0