Шатырата кол чабышты! Бишкектиктер балкондон дарыгерлерге рахмат айткан видео

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОрууканадагы дарыгрлер жумуш учурунда. Архив
Орууканадагы дарыгрлер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары ушундай жол аркылуу коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдиришмекчи.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте медицина кызматкерлерин колдоо акциясы башталды. Анда шаардыктар кечинде балконго чыгып "Дарыгерлерге рахмат!" деп кыйкырып кол чабышууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Центр Инициативной Молодежи (@cim.kg)

Аталган акциянын уюштуруучулары кечээ, 28-мартта, кечинде тартылган видеону Instagram баракчасына жүктөдү.

"Достор, келгиле карантин убагында муңайып отурбайлы. Күн сайын кечки саат 21.00дө балконго чыгып кол чабууну сунуштайбыз. Медиктерибизди колдоп туралы", — деп жазылган видеонун алдына.

Акцияга өз үйүндө отурган бардык жарандар катыша алат. Уюштуруучулар ушундай жол аркылуу коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, дем-күч берүүнү көздөйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Абылгазиевди кабыл алып медиктерге бүт шартты түзүп берүүгө чакырды
Социалдык тармактын колдонуучулары бул демилгени колдоого алып, кошулууга даяр экенин жазышууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 58 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0