Өлүм жазасынан буйтап кеткен. Нарында бычакталган "Лимонти" деген ким эле

Жазылуу
Бүгүн Нарын шаарынын чок ортосунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов бычакталып өлтүрүлдү. Облустук милиция шектүү менен маркум унаа кырсыгынан кийин чырдаша кеткен десе, айрым ЖМКлар муну өч алуу деп айтып жатат.

Окуя бүгүн, 28-мартта, саат 13.00дөр чамасында болгон. Нарын ОИИБинин билдиришинче, калаанын чок ортосунда Toyota Passo үлгүсүндөгү унаа менен Lexus 570 жолтандабас кагыша кеткен. Натыйжада айдоочулардын ортосунда кайым айтышуудан уруш чыгып, бири-бирине бычак урушкан. Андан соң 1995-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран ОИИБдин имаратына кирип барып, киши өлтүрүп алганын айтып, маркумдун сөөгүн көрсөткөн.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жерлиги

Алмаз Сулайманов 1971-жылы Нарын облусунда туулган. Билими орто, эркинен ажыратылганга чейин Бишкекте жашаган. Крим чөйрөгө 90-жылдардан тарта аралаша баштаган.

Аёосуз өлүм, өч алуу

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Лимонтинин" өлүмүнө 24 жаштагы жигит шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы
1997-жылы Нарын облусунда куралчан белгисиз адамдар жергиликтүү тургун Имаш Шамиев менен Шадыбек Абсалиевди тоо жакка алып барып кыйнаганы айтылат. Андан кийин аларды атып, сөөктөрүн өрттөп, калдыктарын дарыяга ыргытып жиберишкен. Эки киши тең кримтөбөл катары таанымал эле. Тергөө өлүмгө бир нече киши шектүү экендигин, анын ичинде Алмазбек Сулайманов да бар экендигин аныктаган. Шектүүлөр 1998-жылы Алма-Атада кармалган.

Натыйжада сот "Лимонтини" ушул жана башка фактылар менен эң жогорку жаза катары атууга кетирген, бирок өлүм жазасына мораторий киргизилгени үчүн аман калган. Сулайманов 2006-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ырайым алып, 30 жыл жаза өтөмөй болгон. 2008-жылдын май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен абактан ден соолугуна (кургак учук диагнозу коюлган) байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулган.

Учурда ЖМКлар дал ошол Имаш Шамиевдин уулу бүгүн "Лимонтиден" өч алганын жазып жатышат.

Эл аралык издөө жарыяланган

Револьвер в машине — в Бишкеке задержан член ОПГ по прозвищу Чач. Видео - Sputnik Кыргызстан
Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы "Чач" кармалды. Видео
Кийинчерээк 2008-жылдагы кургак учук диагнозу коюлду делген рентген-сүрөт Сулаймановго эмес, башка эле адамга таандык экендиги аныкталган. Ошондой эле бир катар талап-тоноочулук, опузалап акча талап кылуу фактылары менен 2011-жылы эл аралык издөө салынган. 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Андан соң ал 20 жылга эркинен ажыратылган.

Ал үчүн абактагылар ачкачылык жарыялап...

2013-жылы Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган 1400 адамдын 700ү 26-ноябрь күнү ачкачылык жарыялашкан. Алар Ысык-Ата районундагы №50 тергөө абагында камакта отурган “Лимонтини” өздөрү отурган түрмөгө которуу талабын коюшкан. Кечке жуук 300 адам акцияны токтотуп, тамак ичкен. Ал эми эртеси абак жетекчиси түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акцияны толугу менен токтоткон.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын ошол убактагы жетекчиси Марс Жусупбеков акцияга кошулгандар “Лимонти” абактагы айрым камераларды ачык коюуга уруксат алып берүүгө убада кылгандыктан чыкканын айткан. Бирок бул талап мыйзамсыз экендигин белгилеген.

Абакта жаза өтөп жаткан

Сулайманов учурда  Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын Нарындагы бөлүгүндө жазасын өтөп жүргөн. Мөөнөтү 2023-жылы 11-майда бүтмөк.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0