Ала-Букада обсервациядан чыгарылган аял каза болду. Штаб чоо-жайы тууралуу

© AP Photo / Lefteris PitarakisКары аял. Архив
Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал киши чет мамлекеттен келип, 17-мартта обсервацияга жаткырылган. 20-мартта анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. 28-мартка караган түнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 17-мартта чет өлкөдөн келген 82 жаштагы жаран көз жумду. Бирок мунун коронавируска тиешеси жок экенин брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

“Ала-Букада аял киши коронавирустан көз жумган деген маалымат тараган. Ал адам чет мамлекеттен келип, 17-мартта обсервацияга жаткырылган. 20-мартта анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн. Диагнозу пневмония, кардиосклероз жана кан басымы жогорулап кеткен. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышты, бирок түндө көзү өтүп кетти”, — деди Мамбетов.

Мамбетов бул өлүмдүн коронавирус менен эч кандай байланышы жок экенин кошумчалады.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок
27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жеткен. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталган. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0