Күйөөмдүн кордугунан да кыздарымдын ага ыктап кеткени күйгүздү. Таарынган эненин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековАртын карап отурган аял. Архив
Артын карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кыздарына таарынган эненин каты жарыяланды.

...Менин жашым кырк беште. Мектепти аяктаган жылы классташым ала качып кетип отуруп калгам. Ал кезде "таш түшкөн жеринде оор" деп жашабай кетип калуу өөн учурачу. Менин да ата-энем башкалардай эле салтка баш ийген айылдын тургундары эле.

Ошентип жолдошум менен төрт кыздуу болгуча 17 жыл чогуу жашадык. Бирок ушул аралыкта көргөзбөгөн кордугу калган жок. Көзүмөн көк кетпей, кызыл камчы чыкты. Ал ичип келген күндөрү тынчтык жок. "Эрден чыкты деген эмне, ботом. Эл караган бетибиз жер карабасын" өңдүү тыюулардан жана балдарым менен каякка барам деген кооптонуудан улам эле анын бардык кылык-жоругун көтөрүп жашап жүрдүм.

Акыры үстүмө аял ала турган болуп, мени сабап "чогуу жаша же кет" деди. Ошондо жетер чеги жетти окшойт. Тобокел кылдым да төрт кызымды алып үйдөн чыгып кеттим...

Прошение о богатстве богам во время празднования в преддверии Ла-Паса - Sputnik Кыргызстан
Апамдын бай эркектерге таңуулаганынан тажадым. Кыздын каты
Бир туугандарымдын жардамы менен шаарга батирге чыктым. Кыздарымды алгач мектепке, кичүүсүн бала бакчага киргизип, өзүм тигүү цехине жумушка орноштум. Бир бутум үйдө, бир бутум жумушта болуп алгач абдан кыйналдым. Кыздардын кийимин, окуусун, баскан-турганын, батирдин акчасын, тамак-ашын камсыздоо түйшүгү менен эле күн өткөрдүм.

Күйөөм жанагы аялын алып, бир аз аны менен жашап ажырашып кетти. Кыскасы, андан бери эки жолу үйлөнүп, экөөндө тең турмушу болгон жок.

Мен шаарда турам. Азыр эки кызым турмушта, экөө жанымда.

Мени ызалантканы кыздарымдын мамилеси. Ушуга чейин жаман да болсо атасы деп "атаңар менен катышкыла" деп тарбиялагам. Азыр бекер кылган окшойм деп ойлоп кетем.

Кыздарым азыр эмнегедир кээ бир нерселерди менден жашырып, атасы менен кеңешип оокат кылып калышты. Атасынын сөзү сөз болуп, мени эсепке албай баратышканы ойлондурат.

Өткөндө Москвадагы кызым Токмоктон там алды. Мага аларга жакын гана айтты. Ага чейин атасы менен кеңешип-таңашып, тамды ошол тааптыр. Мен жөн гана сырткаркы кишидей кошулуп барып, жөн эле жандарында турдум. Мейли атасы, бирок мен ушу кыздарды чоңойтуп, азапты жеп жүргөндө ал улам бир аял алып жүрбөдү беле? Эми эч нерсе болбогондой жашоомо толук кирип алды.

Кыздарымдын мүнөздөрү да атасына окшош. Ага жан тартып, менин оозумду жаап турушат. Кандай кылсам? Мындай шартта үй-бүлөдө кандай мамиле кылам? Кыздарыма да таарынам. Курбу, тааныштардан басынчу болдум. Ызаланып турам.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Кыздын колундагы бриллиант шакектер - Sputnik Кыргызстан
Жарашсамбы же башка күйөөгө чыксамбы. Турмуштан жолу болбогон келиндин каты...
— Күйөөңүз башында ала качып кеткенин баса белгилеп айтып жатасыз. Үй-бүлөнүн бузулушуна ала качуу, арак ичүү, башка менен көңүлдөш болуу деле башкы себеп болбойт. Ортодо түшүнүүнүн жоктугунан мамиле ушундай акыбалга келип жетет. "Бардык зомбулукка чыдадым, акырында ажырашып тындык" деп жатасыз. Негизи психологиялык жактан көп жыл депрессияда жүргөн адамдын өзүн-өзү баалоосу төмөндөп кетет. Өзүн баалабаган адам башка кишилер менен да тил табыша албай калат. Ага баары негатив болуп көрүнө берет. Азыр күйөөңүздөн таяк жебегениңиз менен кыздарыңыздын мамилеси ызалантып жатыптыр. Жашыңыз кырк беште экен. Азыр жашсыз, аракеттенип жакшы психологдорго, психотерапевттерге кайрылып, кайрадан өзүңүздү баалаганды үйрөнүшүңүз керек.

Дагы бир жагдай, кыздарыңыз сизге кеңешпегенине ичиңиз тарып жатат. Негизи ата-энеси ажырашып кеткен болсо, он жаштагы бала да ким менен жашашты өзү тандайт. Андан чоңдору атасы менен кааласа сүйлөшүп катышат. Сизди түшүнүп турам. "Мен жалгыз чоңойтсом, анан атасынын сөзүн сүйлөп кетет" деп кыжаалат болуп турасыз.

Энелик жүрөгүңүз менен кызганыч сезими пайда болуп жатат. Ошентсе да башка бирөөгө караганда биологиялык атасы менен сүйлөшүп, кеңешкени кадыресе көрүнүш. Мүмкүн атасы материалдык жардам бербесе да, жакшы кеңештерин айтып жаткандыр. Бул жерде "эл эмне дейт" деген маселе чыгып жатат. Эл эч качан кемсинтпейт. Мындан эч кандай кемсинүүнү көргөн жокмун. Кыздарыңыз сизди таптакыр таштап кеткен жок. Жолдошуңуз менен 17 жыл жашаптырсыз. Ушул жылдарда көп кордук көрсөңүз, башкалар да сизди кордогондой көрүнө бериши ыктымал.

Бул маселени оң жагынан да кабыл алууга аракеттенип көрүңүз. Кыскасы, бул өтө оор жагдай эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0