Чүйдө 15 киши коронавирус жуктурду деп жалган маалымат тараткандар кармалды

© AFP / FRED DUFOURКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фейк маалымат тараткан эки киши күнөөсүн моюндап, кылган иши үчүн кечирим сураган. УКМК ушак кабар тараткандар мыйзам алдында жооптуу экендигин эскертти.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чүйдөгү оорукананын бириндеги жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат деп социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды тараткан эки киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, фейк маалымат таратты делген Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрлан Русланбеков менен Жайыл районунун 27 жаштагы тургуну Адилет Сыргабаев 25-26-март күндөрү колго түшүрүлгөн.

"Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада кылган ишинин туура эместигин мойнуна алышып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 менен күрөшүү эсебине дээрлик 50 млн. сом түштү
Бул факт боюнча материалдар Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 280-беренесинин ("Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү") белгилери боюнча катталды.

УКМК ички иштер органдары менен биргеликте коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо менен коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0