Министрлик ата-энелерди балдары менен бирге китеп окууга чакырууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАял менен баласы китепти окуп жатат. Архив
Аял менен баласы китепти окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалыктын максаты - үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу экени айтылды.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Анын максаты — үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу экени айтылды.

Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучуларга арналган видеосабактар теледен көрсөтүлүп баштайт
Андан сырткары, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү аракети жасалып жатканын кошумчалашты.

Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.

Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштаган. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окуп жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушу керек.

"Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет. Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хештег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек", - деп айтылган маалыматта.

Министрлик саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарыларын билдирген.

Министрликтин сайтында сунуш кылынган китептердин тизмеси тиркелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0