Психологдор иштеп жаткан дарыгер, милиционерлерге жардам берүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековКонтролдук постто турган милиция жана медицина кызматкерлери
Контролдук постто турган милиция жана медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыйын кырдаалда эмгектенип жаткандар эгер муктаж болсо, азырынча үч адис онлайн түрдө кеңештерин берүүгө даяр экенин айтышкан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан психологдору учурда коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина, укук коргоочу жана мамлекеттик кызматкерлерге психологиялык кеңештерин онлайн берүүгө даяр. Бул туурасында коронавируска каршы иш алып барып жаткан Республикалык штабдан кабарлашты.

Азырынча үч психолог онлайн түрдө жардам бермекчи.

"Азыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу #AFEW_Кыргызстан психологдору психологиялык онлайн кеңештерин коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина, укук коргоочу жана мамлекеттик кызматкерлерине берүүгө даяр!" — деп айтылган маалыматта.

Учурда жогорудагы адистер Бишкек, Жалал-Абад, Баткен, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ала-Бука, Өзгөн райондорунда өзгөчө кыйын кырдаалда иштеп жатышат. Бул аймактарда COVID-19 жуктуруп алгандар жатат.

Коронавирус Кыргызстанда

Колл-центрде иштеген кыз, жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0