Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды

© Фото / пресс-служба мэрии города НарынСитуация в Нарыне из-за коронавируса
Ситуация в Нарыне из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия шаардын меймандары менен тургундары посттордон өтүп баратканда жолоочулап жүрүү себебин жашыргандыктан жаңы талаптарды киргизген.

БИШКЕК, 27-март. — Sputnik. Нарын шаарынын мэриясы элге кайрылып сабырдуу болууну, санитардык-карантиндик посттордо турган кызматкерлерге орой мамиле жасабоону суранды. Бул туурасында аталган муниципалитеттин Facebook тармагындагы баракчасында айтылган.

"Жаман айтпай, жакшы жок" демекчи, шаардын төрт аймагына коюлган санитардык-карантиндик посттордо турган кызматкерлердин айласын алты кетирип, ар кандай жалган сөздөрдү айтып, ал да болбосо кагып-силкип, жаман сөздөрдү айткан жарандарыбыз күн санап көбөйүүдө. Басымдуу көпчүлүгү жамандыкка же болбосо ооруканага бара жатабыз деп жалган айтышууда", — деп жазылган ал жерде.

Мэрия шаардын меймандары менен тургундары посттордон өтүп баратканда жолоочулап жүрүү себебин жашыргандыктан жаңы талаптарды киргизген.

Өткөрүү постторуна төмөнкүлөр берген өткөрүү баракчалары (пропуск) гана жарары кабарланды.

Эгер жамандыкка бара жатсаңыз, жашаган айыл өкмөттөн бара жатканыңыз "чындык" деген өткөрүү баракчасын алыңыз;

Кокус ооруканага бара жатсаңыз, айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жолдомо барагы керек;

Мэрия көп өлчөмдө азык-түлүк алып бара жаткан соодагерлер тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.

"Мындан башка ар бир айылдан азык-түлүк, жашылча-жемиш жана күнүмдүк керектүү каражаттарды алуу үчүн бирден гана машина өткөрүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Гемотест начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды
Мэрия элди эскертүүлөрдү туура кабыл алып, сабырдуулук жана ынтымак менен бул ооруну бирге жеңүүгө чакырган.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 Кыргызстанда алгач ирет 2020-жылдын 18-мартында үч кишиден Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендерден табылган. Учурда инфекцияны жуктуруп алгандардын саны өлкөдө 44 адамга жетти. Мындан улам Кыргызстандын үч шаары менен үч районуна өзгөчө абал киргизилип, андан башка аймактарда карантин жарыяланган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0