Иранда калган кыргызстандык жүк ташуучулардын акыркылары казак чек арасынан өттү

Жазылуу
Кыргызстандык жүк ташуучулар өлкөгө Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын акыркы, үчүнчү тобун өз чек арасынан өткөрдү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар өлкөгө Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жатат.

"20-марттан бери орус-казак чек арасындагы "Котяевка — Курмангазы" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 57 жүк ташуучу унаа үч топко бөлүнүп өткөн. Ушуну менен жүк ташуучулардын маселеси чечилди" — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран, Азербайжан, Россия жана Казакстандын тышкы саясат боюнча иштеген мекемелерине кыргызстандык жүк ташуучуларды чек аралардан тоскоолдуксуз өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Иранда жүк ташуучу автоунаалары менен калып калган айдоочулардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келе жатканы 22-мартта айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0