Бишкекте көчөлөр эмнеге жабылды? Комендатура себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери постто туруп жатат. Архив
Милиция кызматкери постто туруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин калаанын айрым көчөлөрү жабылганы, алар аркылуу Бишкектин борбордук бөлүгүнө өтүүгө болбой жатканы айтылган болчу.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте айрым көчөлөрдүн жабылышына дезинфекциялоо иштери себеп болууда. Бул тууралуу шаар комендатурасынын call-борборунан билдиришти.

Буга чейин калаанын айрым көчөлөрү жабылганы, алар аркылуу Бишкектин борбордук бөлүгүнө өтүүгө болбой жатканы айтылган

"Бишкекте көчөлөр жабылып, кыймыл токтотулуп жатат. Анткени шаар дезинфекцияланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Иштер аягына чыгары менен көчөлөр ачылат”, — деди call-борбордун адиси.

Өзгөчө абал

Бишкектин базарлары дезинфекцияланды - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин базарлары дезинфекцияланды. Видео
25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат жарыялангандыктан, тургундар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек. Күндүз дагы жашоочуларга өтө зарыл болгон учурда гана сыртка чыгууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0