Коронавирусту текшерген тесттен жеке клиникалардан акча төлөп өтүүгө болбойт

© Sputnik / Евгений ЕпанчинцВ Забайкалье поступила тест-система для определения антигена коронавируса
В Забайкалье поступила тест-система для определения антигена коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 44 киши ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Анын алтоо реанимацияда, 10 кишинин абалы орточо оор.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тесттен жеке клиникалардан акча төлөп өтүүгө азырынча болбойт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, оорулуу адамдар менен байланышта болгондор алгач ыкчам байланыш линиясына чалышы керек.

"Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, алгач ыкчам байланыш линиясына кайрылууңуз керек", — деди Акматова.

Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 44 киши ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Анын алтоо реанимацияда, 10 кишинин абалы орточо оор. Акматованын айтымында, калгандарыныкы канааттандырарлык.

Sputnik агенттиги өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0