Коронавирус адамдын өпкөсүн алсыздандырган процессти видеого тартып алышкан

© AFP / CRIS BOURONCLEДарыгер өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жатат. Архив
Дарыгер өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 471,5 миң адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 21 293 киши каза болду.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиялык дарыгерлер коронавирус адамдын организмине залал келтирип жаткан процессти видеого тартып алышкан. Бул туурасында Baza Telegram каналы кабарлайт.

Кадрдан коронавирус өпкөнү жабыркатып, алсыздандырып жатканын байкоого болот.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайылган учурда бойго бүтүрүү кооптуубу? Окумуштуунун кеңеши
COVID-19 вирусу өпкөнү сезгентерин алгачкы жолу кытайлык дарыгерлер айтып чыккан. Алар Уханда 85 жаштагы чал каза болгондон кийин сөөгүн текшерип көрүп ушундай тыянакка келген.

Соңку маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 471,5 миң адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Анын ичинен, тилекке каршы, 21 293 адам каза болгон. Ал эми айыгып чыккандардын саны 144,4 адамга жетет.

COVID-19 инфекциясы Кыргызстанга да жетип, 44 адам ооруканада дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0