Мэрия суу, жарык жана газдын көрсөтмөлөрүн онлайн кабыл алат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектрические счетчики в мастерской Калининградэнерго
Электрические счетчики в мастерской Калининградэнерго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими жарыялангандыктан, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү шаардыктардын үйлөрүн кыдыра албайт.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте суу, газ жана электр энергиясынын көрсөтмөлөрү онлайн кабыл алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Калпакчан киши медициналык бет кап менен Бишкектин көчөсүндө бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат
Билдирмеге ылайык, Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими жарыялангандыктан, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү шаардыктардын үйлөрүн кыдыра албайт.

Суунун көрсөтмөсүн "Бишкек суу каналдын" www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg) сайты аркылуу, 0554 69 99 51 номерине SMS же WhatsApp аркылуу жөнөтсө болот. 976944 жана 565671 телефондоруна чалып айтса да болот.

"Эгер көрсөтмөлөрдү жибере албай калсаңар, анда айдын орточо эсеби чыгып келет. Кийинки айда эсепти теңдеп коюшат", — деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясынын көрсөтмөсүн райондук инспекторлордун номерлерине жиберүү керек. Кошумча маалыматты 1209 кыска номерине чалып же 0555001209 WhatsApp номери аркылуу ала аласыздар.

Цветение урюка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Спортзалга барып, сейилдөөгө чыкпагыла! Мэриянын эскертүүсү
Газдын көрсөтмөсүн 0701680707 WhatsApp-каналына жазып же 4444 кыска номери аркылуу билдирсе болот. gazpromkg_bot. деп аталган Тelegram-каналы да иштейт.

"Бишкек жылуулук" ишканасынын абоненттери ысык суу жана жылуулуктун көрсөтмөсүн 611169 номерине, teplosetikg_bot. Тelegram-каналына жөнөтө алышат.

Эгер лифт иштебей калса, 437848, 0553658179 номерлерине чалсаңыздар болот.

Санитардык тазалоо боюнча Бишкектин төрт районуна төрт башка номерлер аркылуу кайрылуу керек.

Свердлов району — 344753, Ленин району — 345041, Биринчи май району — 345113, 0555827028 WhatsApp номери, ал эми Октябрь районунун тургундары 0777956600 WhatsApp номерине жазса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0