Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окумай болду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖОЖдун мугалими онлайн сабак берип жатат. Архив
ЖОЖдун мугалими онлайн сабак берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин бериши керек.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Процессти так жана сапаттуу уюштуруу аталган окуу жайлардын жетекчилерине милдеттендирилди.

"Ага ылайык, билим берүү уюмдарынын жетекчилери онлайн курстарды колдонуу менен ага көзөмөл жүргүзүшү керек. Ошондой эле дистанттык технологияларды колдонуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам уюштурууга милдеттендирилет", — деп айтылат буйрукта.

Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери бардык курстардын студенттери үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигине берүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0